Кыргыз Республикасында диний билим берүүгө болгон укукту ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо коомдук талкууда

Бишкек шаарында 2019-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК)  Кыргыз Республикасында диний билим берүүгө болгон укукту ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобонун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

          Долбоордун негизги максаты ар бир жарандын өз тандоосу боюнча, жекече же башкалар менен бирдикте диний билим алууга болгон укугун камсыз кылуу максатында иштеп чыгып, ушул укукту камсыздоодо диний окуу жайлардын билим берүү процессин жүзөгө ашыруу жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптерин белгилеп, ошондой эле ишке ашыруунун укуктук базасы катары кызмат кылууга багытталган.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, диний уюмдардын, диний окуу жайлардын өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдар жана көз карандысыз эксперттер катышты.

Долбоорду талкуулоонун алкагында иш-чаранын катышуучулары жалпысынан бул документти жактырышты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө макулдашууга киргизүүнүн алдындагы документке толуктап иштеп чыгууга сунуштарды беришти.

Архив