Борбордук Азиядагы экстремизм менен күрөшүү боюнча лидерлердин диалогу

2019-жылдын 26-27-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Борбордук Азия өлкөлөрүнөн, мамлекеттик органдардын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен аймактык жолугушуу өткөрүүдө.

Бул жолугушуу радикализмге жана экстремизмге каршы күрөшүү жана алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча региондук консультативдик жумушчу тобун (УЖТ) түзүүгө, ошондой эле аймактагы зомбулук экстремизмге каршы аракеттенүүнүн артыкчылыктуу маселелерин биргелешип талкуулоо үчүн диалогдук платформасын түзүүгө багытталган.

Иш-чарага мамлекеттик органдарынан жана медиа коомчулуктан, өкмөттүк эмес уюмдардан, коомдук пикирдин лидерлери, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркменистан, Өзбекстан мамлекеттеринен өкүлдөр катышууда.

         Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы “Борбордук Азиядагы экстремизм менен күрөшүү боюнча лидерлердин диалогу” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы "Жалпы кызыкчылыктарды издөө" (Search for Common Ground) эл аралык уюмдун  өнөктөштүгүндө уюштурууда.

Маалымдама: 2018-жылдын 22-23-июнунда  Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын колдоосу астында “Борбордук Азиядагы экстремизм менен күрөшүү боюнча лидерлердин диалогу” консультативдик жумушчу тобунун I эл аралык аймактык жолугушуусу болуп өткөн.

Архив