КР ДИМК Эл аралык Кызыл Крест Комитети менен жолугушту

2019-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директорунун орун басары Закир Чотаев Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин (ЭККК) глобалдык өз ара аракеттенүү боюнча департаментинин жетекчиси Ирени Хербот жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) башчысы Максатбек ажы Токтомушевдун катышуусунда жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда дин чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер, кызматташууга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр, экстремизмди болтурбоо боюнча гуманитардык укуктун ченемдерин илгерилетүү туурасында маселелер, ошондой эле бул тармактагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана диний лидерлерди окутуу боюнча мүмкүнчүлүктөр каралды.

Соңунда КР ДИМК, КМДБ жана ЭККК ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө даярд экендигин билдиришти. 

Архив