КР ДИМК директору З.Эргешов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен жолугушту

2019-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек Жолчуевич АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу тууралуу жана Кыргызстандын мыйзамдарын, каада-салттары сактоо өтө маанилүү экендигине басым жасалып, учурдагы диний абал туурасында маселелер талкууланды.

Соңунда эки өлкөнүн достук мамилелерин мындан ары да бекемдөө максатында кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Архив