Дин комиссиясынын директору З.Эргешов АКШнын мамлекеттик катчысынын Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросундагы жардамчысынын орун басары Майкл Келлехер менен жолугушту

2019-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору Зайырбек Эргешов АКШнын мамлекеттик катчысынын Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросундагы жардамчысынын орун басары Майкл Келлехер менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов диний чөйрөдөгү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын орду маанилүү экендигине токтолуп, өлкөнүн светтик мүнөзүн бекемдөөнү баса белгиледи.

Сөз кезегинде Майкл Келлехер мырза дин тутуу эркиндигин камсыздоодо жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууда  оң тенденцияларды байкагандыгын билдирди.

Ошондой эле диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди, радикализмди, экстремизмдин алдын алуу боюнча талкуулар жүрүп, мындан ары да өз ара  кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Архив