Эне тилим-байлыгым

21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) “Эне тилим-байлыгым” деген аталыштагы чакан программадагы адабий кече уюштурду.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, эне тилдин улуулугун даңазалаган көркөм ыр саптары менен коштолду. Ошондой эле иш-чарага “Кыргыз тили” коомунун Президенти Райымжан Курбанов чакырылды.

КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов ар бир кызматкерди өз эне тилин барктоого жана анын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.

Архив