Диндер аралык диалог

2019-жылдын 21-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Концепциясын ишке ашыруу боюнча 2015-2020-жылдарга карата коюлган иш планын аткаруу максатында “Диндер аралык диалог” аталышындагы темада семинар өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясындагы Мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү боюнча изилдөө институтунун директору – Улукбек Апсаматов жана Түркия мамлекетинен келген теология илиминин доктору, профессор – Мустафа Эрдем баяндама жасашты.

Учурда дин маселеси жеке эле Кыргызстанда эле эмес баардык дүйнө жүзүндө күндөн-күнгө активдүү багыт алып, бирок кандай багытта кетип бара жаткандыгы тууралуу докладдар окулуп, тиешелүү темалардын алкагында суроо-жооп жана талкуулар болду.

Иш-чарага катышкан адамдардын басымдуу бөлүгүн теология жана дин таануу кесибинин мугалимдери жана студенттери түздү.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын светтик мүнөзү жөнүндө жалпы маалымат берилип, дүйнөдөгү кандай гана дин болбосун тынчтыкка, сабырдуулукка жана тазалыкка чакыргандыгы баса белгиленди жана динди каада-салт менен маданиятка каршы койбостон эриш-аркак иш-алып баруу зарыл экендиги айтылды.

Архив