Дин комиссиясынын директору З. Эргешов Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбехани менен жолугушту

2019-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору Зайырбек Эргешов Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбехани мырза менен жолугушту.

Жолугушууда диний билим берүү багытындагы иш-чараларды биргеликте өткөрүү, дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, конфессиялар аралык өз ара мамилелерди жакшыртуу, ошондой эле диний радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү  маселелери талкууланды.

Соңунда эки өлкө ортосундагы кызматташуусунун өнүгүүсүнө ийгиликтерди каалап, жыйынтыкташты.

Архив