Диний экстремизмди алдын алууда ЖМКнын ролу

Бишкекте бүгүн, 26-декабрда “Диний экстремизмди алдын алууда ЖМКнын ролу” темасында тегерек стол өттү. Тегерек стол Интерньюс эл аралык уюму Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте кызматташууда уюштурду.

Тегерек столдун катышуучулары мыйзамсыз миграция, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу экстремизм жана терроризмди алдын алуу иш-аракеттери жөнүндө маалыматтарды коомчулукка жайылтуудагы маселелер боюнча кызуу талкуу жүргүзүштү. 

Жалпыга маалымдоо каражаттары бизди курчап турган айлана-чөйрө жөнүндөгү коомдук көз карашты калыптандырууга жана алардын муктаждыктарын, көз карашын, баалуулуктарын өзгөртүү менен кеңири аудиторияга таасир берүүчү башкы булак катары эсептелинет. Ошондуктан кылмыштуулукту эскертүү менен алдын алууда жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташуу натыйжалуулугун берүүдө.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, медиа коомчулугунун, эл аралык уюмдардын жана диний уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Архив