З.Эргешов Сауд Арабия падышачылыгында өтүп жаткан Эл аралык конференцияда

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов 2018-жылдын 12-13-декабрында Сауд Арабия Падышачылыгында Бүткүл Дүйнөлүк Ислам Лигасы уюштурган “Ислам биримдиги: коркунуч, маркалоо жана бөлүнүү” деп аталган Эл аралык конференцияга катышты.

Аталган эл аралык конференциянын максаты диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди талкуулап, коомдогу туруктуулукту, мусулмандар жамаатын чыңдоодо ар кайсы өлкөлөрдөгү мусулмандардын өз ара кызматташуусундагы талкууларды жана иш жүзүнө ашыруу жолдорун бекемдөө.

Конференцияда коомчулуктагы диний сабаттуулук, ислам баалуулуктарын туура жайылтуу, ынтымакка үндөө, ынак мамиле куруу жана  башка элдин маданиятын урматтоо жөнүндө талкуулар жүрдү.

Иш-чарага дүйнөнүн 127 өлкөлөрүнөн келген тиешелүү мамлекеттик диний мекемелердин өкүлдөрү, дүйнөлүк денгээлдеги аалымдар, серепчилер катышты.



Архив