Зомбулук экстремизмге каршы күрөшүүдө медиа тармактын орду

Бишкекте бүгүн, 6-декабрда үч күнгө созулган “Зомбулук экстремизмге каршы күрөшүүдө медиа тармактын орду” аталышындагы эл аралык форум өтүп жатат.

Форумду Интерньюс эл аралык уюму Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен кызматташууда уюштурду.

Аталган иш-чарада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, медиа коомчулугунан, эл аралык уюмдардан жана Орто Азия өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр катышууда.

Иш-чаранын катышуучулары диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди, радикализмдин өрчүшүнө шарт түзгөн себептерин жана чечүү жолдорун талкуулап жатышат.

 

Архив