КР ДИМК Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган адабий кече өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, И.Арабаев атындагы КМУга караштуу Теология колледждин студенттеринин катышуусунда Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган адабий кече уюштурду.

Иш-чаранын максаты жаш муундарды  патриоттук жана эстетикалык тарбиялоого үндөп, көркөм адабий чыгармаларга болгон кызыгуусун арттыруу менен бирге инсандык сапаттарын туура калыптандырууга жана адабий баалуулуктарга, мекенчил сезимдерин арттырууга багытталат.

Теология колледждин студенттери Чынгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынан сахналаштырылган үзүндү аткарып, доклад жасашты.

Аталган иш-чарага Чынгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов, “Ак кеме” кинотасмасындагы Нургазынын ролун аткарган актер Нургазы Сыдыгалиев, “Бетме-бет” кинотасмасындагы Ысмайылдын ролун жараткан Бусурманкул Одуракаев жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн  чакырылган.

Актерлор катышуучулар менен тартым учурунда жаралган түйшүктүү жана кызыктуу окуялары менен бөлүшүп, Ч.Айтматовдун чыгармаларын талкуулашты.

Иш-чаранын соңунда КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мыкты жазылган эсселердин жеңүүчүлөрүнө сертификат жана белектерди тапшырды.

width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024 

Архив