З. Ж. Эргешов Али Рашид Аль Нуайми менен жолугушту

2018-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Абу-Дабинин Аткаруучу кеңешинин мүчөсү Али Рашид Аль Нуайми жана Дүйнөлүк мусулмандар кеңешинин коомунун аткаруучу директору Халед аль-Кааби менен жолугушту.

Жолугушууда “Ислам азыркы светтик мамлекетте” аталышындагы эл аралык конференциянын өткөрүү максатынын маанилүүлүгүн жана мамлекеттин диний уюмдар менен өз ара кызматташтыгы, ошондой эле диний сабаттуулук, коомчулуктагы толеранттуулук жана радикализмдин, экстремизмдин алдын алуу максатында биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашыруу боюнча талкуу жүрдү.

Соңунда эки тарап дин чөйрөсүндөгү кызматташуусунун өнүгүүсүнө ийгиликтерди каалап, жыйынтыкташты.

width=1024width=1024 

Архив