Ислам азыркы светтик мамлекетте

2018-жылдын 15-16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун демилгеси менен «Ислам азыркы светтик мамлекетте» аттуу II эл аралык конференция өтөт. Конференциянын башкы максаты актуалдуу маселелерди талкулоо жана заманбап мусулмандар коомдоштуктарында мамилелерди шайкештөөнүн жолун табуу, диний чөйрөдө демократиялык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, радикализмдин алдын алуу жана экстремисттик көз караштардын таркалышына бөгөт коюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.

Конференцияда дин маселелери, радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, академиялык жана эксперттик коомчулуктун Азия, Африка, Европа жана Америка өлкөлөрүнөн өкүлдөрү катышат.

Конференциянын алкагында диний билим берүү моделдери, массалык маалымат каражаттарында жана интернет мейкиндигинде диний маселелерди чагылдыруу, ошондой эле жаштардын жана аялдардын көпмаданияттуу коомдогу орду жана ролу талкууланат.

Конференцияда жыйынтыктоочу документ катары резолюция кабыл алынат.

Эске салсак, 2017-жылдын 27-28-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен «Ислам азыркы светтик мамлекетте» аттуу I эл аралык конференция өткөн. Конференциянын алкагында азыркы светтик мамлекетте исламдын орду жана эл аралык кызматташууда диний чөйрөдөгү маселелерди жана экстремизмге каршы иш аракеттерди жөнгө салуу боюнча талкуулар жүргөн. Ошондой эле мамлекеттер аралык диалогду жана диний чөйрөдөгү өз ара мамилелерди өркүндөтүүдө сунуштарды иштеп чыгуу боюнча «Ислам азыркы светтик мамлекетте жөнүндөгү Бишкек декларациясы” кабыл алынган.

 

Архив