Аймактарда маалыматтык-профилактикалык иш-чаралар

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы боюнча Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын №315-р буйругу менен бекитилген “2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Зайырбек Эргешовдун катышуусунда 2018-жылдын 29-октябрынан 2-ноябрына чейин Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Араван райондорунда маалыматтык-профилактикалык иш-чаралар уюштурулуп жатат.

Аталган иш-чарада Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (ИИМ), Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) өкүлдөрү жана эксперттер тарабынан жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, аксакалдар, жаштар кеңештеринин, диний уюмдардын өкүлдөрүнө жана башка коомдук уюмдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, экстремизм жана радикализмди алдын алуу, жарандык интеграция, эрте никелешүүнүн  кесепеттери, балдардын ден соолугун бекемдөөдө эмдөө жүргүзүү, жарандардын радикалдашуусуна бөгөт коюу максатында дин жаатындагы актуалдуу маселелелер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 2018-жылдын 15-октябрынан 19-октябрына чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорунда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары, Кадамжай жана Лейлек райондорунда, 2018-жылдын 22-октябрынан 26-октябрга чейин Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда жана Нарын шаарында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Таш-Көмүр, Токтогул шаарларында маалыматтык-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн.

 

Архив