Аймактарда маалыматтык-профилактикалык иш-чаралар

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы боюнча Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын №315-р буйругу менен бекитилген “2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) 2018-жылдын 15-октябрынан 19-октябрына чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорунда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары, Кадамжай жана Лейлек райондорунда маалыматтык-профилактикалык иш-чараларды уюштурду.

Аталган иш-чарада КР ДИМК, КР ИИМ, КР ЖӨБЭММА өкүлдөрү жана эксперттер тарабынан жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, аксакалдар, жаштар кеңештеринин, диний уюмдардын өкүлдөрүнө жана башка коомдук уюмдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, экстремизм жана радикализмди алдын алуу, жарандык интеграция, дин жаатында актуалдуу маселелелер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

width=1024width=1024width=1024 

Архив