Конфессиялар аралык диалог

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын №315-р буйругу менен бекитилген “2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер Планын” аткаруу алкагында, 2017-жылдын ноябрь айында  Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, дин жаатындагы эксперттердин жана бардык диний уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда “Кыргызстандагы конфессиялар аралык диалогдун  азыркы абалы жана өнүгүүсү”  аттуу конфессиялар аралык форум өткөрүлгөн.

Форумдун жыйынтыгында Резолюция кабыл алынып, 2018-жылы бардык диний уюмдар менен биргеликте иш-чараларды аткаруу жана Кыргызстандын бардык облустарында “Диндер аралык диалог” форуму өткөрүү каралган.

Аталган форум 2018-жылдын 24-сентябрында Баткен облусунда, 26-сентябрь Ош шаарында, 27-сентябрь Жалал-Абад облустарында өткөрүлдү.

Форумдун негизги максаты коомдогу туруктуулукту, мамлекеттик-конфессионалдык жана конфессиялар аралык ынтымакты орнотуп, ошондой эле калктын рухий жана адеп-ахлактык дүйнөсүн байытуу маселелери боюнча диний уюмдар жана жарандык коом менен коомдук кеңешмелерди уюштуруу.

Диндер аралык форумду облустарда өткөрүүдө ЕККУ жана АВЕП бей өкмөт уюмдары дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тыгыз кызматташып, көмөктөшүп келүүдө.

Эске салсак, “Кыргызстандагы конфессиялар аралык диалогдун  азыркы абалы жана өнүгүүсү”  аттуу конфессиялар аралык форум 2018-жылдын 11-июлунда Талас облусунда, 18-июлда Чүй облусунда жана 24-июлда Нарын облусунда өткөрүлгөн.

width=1024width=1024

Архив