“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө коомдук талкуу

Бишкек шаарында 2018-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК)  “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана укук коргоочулар менен коомдук талкуу өткөрдү.

Долбоордун негизги максаты дин чөйрөсүндө жана дин тутуу эркиндигин камсыздоодо мыйзамдарды өркүндөтүү жана системалаштыруу, диний уюмдардын, диний окуу жайлардын, миссиялардын жана миссионерлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу.

Мамлекеттик-конфессиялык мамилелерди жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды жөнгө салуу боюнча диний чөйрөдөгү туруксуздаштырууга алып келген тообокелдиктерди, мыйзамдагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды четтетүү, Конституциянын принциптерине ылайык мыйзам ченемдерин иштеп чыгуу, укуктарды так аныктоо, диний уюмдардын жана мамлекеттик органдардын милдеттери жана жоопкерчилиги, жол-жоболук маселелерди иреттөө жана оптималдаштыруу, диний жааттагы маселелерде боштуктарды жана кемчиликтерди жоюу, мыйзамдын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча сунуштар долбоорго киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор аркылуу жоюуга багытталган.

Мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу иш-чаранын катышуучулары тарабынан жактырылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө макулдашууга киргизүү алдындагы документке толуктап иштеп чыгууга сунуштар берилди.

Эске салсак, ушул эле “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол 2018-жылдын 27-июнунда Бишкек шаарында, 2018-жылдын 2-июлунда Ош шаарында жана Каракол шаарында болуп өткөн.

 

Архив