Мамлекеттик тил - Мамлекеттүүлүктүн негизи
23-сентябрь –Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) “Мамлекеттик тил - Мамлекеттүүлүктүн негизи” деген аталыштагы чакан программадагы салтанат уюштурду. Салтанаттык кече Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтуу, кыргыз тилинин улуулугун даңазалаган көркөм ыр сапатары жана макал-лакап айтышуу менен коштолду.width=1024КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов өз сөзүндө кылымдарды карыткан кыргыз тили ар дайым ар бир жаран кадырлаган тил болушу керектигине жана кызматкерлерди мамлекеттик тилди эл аралык деңгээлге көтөрүүгө салым кошууга чакырды.width=948width=1024Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Н.Ишекеев Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүдө кошкон салымдары үчүн КР ДИМКнын директору З.Эргешовду “Кыргыз тили” төш белгиси менен ошондой эле талдоо бөлүмүнүн башчысы Г.Исаеваны, башкы адиси З.Турсунбековду Ардак грамоталар менен сыйлады.width=1024 width=813 width=802 
Архив