Кыргызстандагы лидер аялдардын биригүүсү

2018-жылдын 20-августунда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан Ош шаарынын мэриясы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, “Мутакаллим” мусулман аялдар прогрессивдүү-коомдук бирикмеси менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы” жөнүндөгү жарлыгынын алкагында “Кыргызстандагы лидер аялдардын биригүүсү” аттуу облусттар аралык биринчи форум өткөрүлдү.Форумдун негизги максаты Кыргызстандын тарыхындагы белгилүү аялдардын жетишкендиктерин тууралуу талкуулоо жана учурдагы лидер аялдардын биригүүсүү. Ошону менен бирге ислам дининде аялдардын орду жана Кыргыз Республикасында кабыл алынган аялзатка тиешелүү программалардын ишке ашырылуусундагы тажрыйбалар боюнча талкуулар жүргүзүлдү.Форумга Кыргызстандын аймактарынан келген мамлекеттик мекемелердин, маданият, билим берүү, диний тармактардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

Архив