Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Кувейт Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Тарек Абдулла Аль Фарадж менен жолугушту

2018-жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору Зайырбек Эргешов Кувейт Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Тарек Абдулла Аль Фарадж  менен жолугушту.ДИМК директору З.Эргешов диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу кеңири токтолуп, “Ислам азыркы светтик мамлекетте” Эл аралык конференциясы 2018-жылы Бишкекте өткөрүү пландаштырылып жаткандыгы боюнча маанилүү маселелерди баса белгилеп, иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.Ал эми Кувейт мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Тарек Абдулла Аль Фарадж  ДИМК менен ар тараптуу кызматташууну сунуштады.Ошондой эле эки тарап дин чөйрөсүндөгү азыркы кырдаалды эске алып, диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу боюнча бул тармакта биргеликте иш-чараларды өткөрүү  маселелери талкууланды.Соңунда эки өлкө ортосундагы кызматташуусунун өнүгүүсүнө ийгиликтерди каалап, жыйынтыкташты.width=1024width=1024 

Архив