Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө ЖМК өкүлдөрү менен талкуу

Бишкек шаарында 2018-жылдын 24-июлда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК)  Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун боюнча ЖМК өкүлдөрү менен талкуу өткөрдү.width=1024Долбоордун негизги максаты дин чөйрөсүндө жана дин тутуу эркиндигин камсыздоодо мыйзамдарды өркүндөтүү жана системалаштыруу, диний уюмдардын, диний окуу жайлардын, миссиялардын жана миссионерлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу болуп саналат.Мамлекеттик-конфессиялык мамилелерди жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды жөнгө салуу боюнча диний чөйрөдөгү туруксуздаштырууга алып келген тообокелдиктерди, мыйзамдагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды четтетүү, Конституциянын принциптерине ылайык мыйзам ченемдерин иштеп чыгуу, укуктарды так аныктоо, диний уюмдардын жана мамлекеттик органдардын милдеттери жана жоопкерчилиги, жол-жоболук маселелерди иреттөө жана оптималдаштыруу, диний жааттагы маселелерде боштуктарды жана кемчиликтерди жоюу, мыйзамдын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча сунуштар долбоорго киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор аркылуу жоюуга багытталган.width=1024Эске салсак, Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө коомдук талкуу мамлекеттик органдардын, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттердин катышуусунда 2018-жылдын 27-июнунда Бишкек шаарында, ал эми 2018-жылдын 2-июлунда Ош шаарында болуп өткөн.width=1024 

Архив