Дин маданиятынын тарыхы

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында 2015-2020-жылдарга карата Иш планынын аткаруу алкагында Бишкек шаарында 2018-жылдын 27-29июнь күндөрү билим берүү мекемлердин мугалимдери үчүн “Дин маданиятынын тарыхы” курсун окутуу боюнча тренинг өткөрүлүп жатат.  Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсеси (ЕККУ) тарабынан колдоо көрсөтүлдү.

“Дин маданиятынын тарыхы” билим берүү системасына пилоттук долбоор катары киргизилген ушундай эле окутуу курсу Ош шаарында 3-5июлга чейин өткөрүлөт.

Эске салсак, пилоттук долбоор 2016-жылы билим берүүчү 10 мекемеге киргизилип, учурда өлкөнүн 56 мектебине киргизүү пландалууда.

Окутуу курсу радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу жана жаштар арасында дин таануу билимин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Респбуликасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, эксперттер, дин таануучулар тарабынан иштелип чыккан.

width=1140width=1140width=1140width=1140 

Архив