КР ДИМКнын директору З.Эргешов мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2018-жылдын 21-июнунда, 23-июнь-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик майрамына карата Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында (КР ДИМК) чогулуш өткөрүлдү.

КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды. Мындан ары да ар бир кызматкер диний жана конфессиялар аралык өз ара мамилелерди жакшыртууда иш-аракеттерди жүргүзүп, тыгыз байланышта жоопкерчиликтүү иш алып баруу жана мамлекеттин туруктуулугу үчүн салым кошуу милдеттүү экенин баса белгиледи.

Ошондой эле ар бир үй-бүлөөгө бакутбаттуулукту жана бейпилдикти, иштерине ийгиликтерди каалады.

width=1140width=1140width=1140 

Архив