Орозо Айтыңыздар маарек болсун!

Урматтуу мекендештер!

 Сиздерди жалпы мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз! Орозо айында аруу тилек, ак ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болуп, өлкөбүздө ынтымак-ырашкерлик орун алып, элдин биримдиги бекемделе берсин. Ар бир үй-бүлөөгө бакыт, ырыскы, береке ыроолосун.  Орозо айында мекендештерибиздин жасаган соопчулук, кайрымдуулук иштери мындан ары да уланып, жамандыктан арылып, жакшылыкка канат байлап, өлкөбүздүн өнүгүшүнө ар бирибиз салым кошолу.Орозо Айтыңыздар маарек болсун, мекендештер! КР ДИМК
Архив