Диний уюмдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом менен кызматташуусу

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 2018-жылдын 11-майында «International Alert» эл аралык көз карандысыз уюмдун  колдоосу менен Ош шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, диний уюмдар, өкмөттүк эмес уюмдар, жаштар жана эксперттердин катышуусунда жарандардын радикалдашуусуна бөгөт коюу боюнча туруктуу механизмдерди түзүү жана экстремисттик топтордон алдын алуу максатында координациялык жыйын өткөрдү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ №203 Жарлыгы менен бекитилген “2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы” жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018жылдын 9-январдагы Жарлыгы менен бекитилген “ 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы” милдеттерин ишке ашыруу максатында уюштурулду.

width=1024width=1024 

Архив