Карыларга камкордук

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору карыяларга жардам жана колдоо көрсөтүү максатында демилге көтөрүп, «English Access Microscholarship» программасынын катышуучулары болуп саналган И. Арабаев  атындагы КМУнун Теологиялык колледжинин студенттеринин катышуусунда Бишкек шаарындагы карылар үйү- интернатына жардам көрсөттү. Студенттер тарабынан аймактар тазалынып, тосмолор сырдалып, кышка камылга катары отундар даярдалды. Ошондой эле ар түрдүү оюн-зоок, чакан концерт уюштурулуп, белектер берилип, карыялардын маанайы көтөрүлдү.

Карылар үйүнүн жашоочулары уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришип, насааттарын айтышты. «English Access Microscholarship» программасынын катышуучулары мындан ары да ар дайым көмөктөшүүгө даяр экендигин билдиришти.

width=1040width=1040 

Архив