Конфессиялар аралык өз ара мамилелерди жана коммуникацияны өнүктүрүү

2018-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Таза жашоо” улуттук кампаниясынын жана конфессиялар аралык өз ара мамилелерди бекемдөө программанын алкагында ишембилик өткөрдү.

Иш-чаранын негизги максаты мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ресурстарын мобилизациялоодо социалдык инфраструктураларды жакшыртып, шаардагы жана айылдардагы санитардык абалды жашылдандырып, өлкөдөгү аймактарды тазалап, өнүгүүгө салым кошуу.width=1024“Таза жашоо” акциясынын катышуучулары эс алуу багына көчөттөрдү отургузуп, айланасын тазалашты. Бул иш-чараны колдоп келгендерге  КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов ыраазычылык билдирди.Ишембиликти өткөрүүдө Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсеси (ЕККУ) көмөк көрсөттү.width=1024Иш-чарага КР ДИМКнын жетекчилиги жана кызматкерлери, ЕККУ жана диний уюмдардын 80ден ашуун өкүлү катышты.width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024width=1080width=1024 

Архив