Диний чөйрөдөгү долбоордук ишмердүүлүк маселелери боюнча координациялык кеңешме

Бишкек шаарында 2018-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин (ЕККУ) колдоосу менен диний чөйрөдөгү долбоордук ишмердүүлүк маселелери боюнча координациялык кеңешме өткөрдү.
Аталган иш чарада диний чөйрөдө эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын долбоордук ишмердүүлүгү жана диний чөйрөдөгү аткарылып жаткан мамлекеттик программалардын стратегиялары, жакынкы арада түзүлгөн приоритеттүү пландары жана милдеттери тууралуу талкуу жүргүзүлдү.
Иш-чарага КР ДИМКнын жетекчилиги жана кызматкерлери, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

 width=1024

width=1024width=1024width=1024 

Архив