Мамлекеттик тилди дин чөйрөсүндө өнүктүрүү

2018-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Зайырбек Эргешов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков менен жолугушту.
Жолугушууда дин чөйрөсүндөгү терминдерди кыргызча вариантын иштеп чыгып, мечиттердин, диний уюмдардын ички, сырткы көрнөк жарнактарын, жазуу иш кагаздарын мамлекеттик тилде болуусуна көзөмөл жүргүзүп, диний окуу жайларга, медреселерге кыргыз тилин жана адабиятын, Кыргызстан тарыхын, Кыргызстан географиясын билим берүүнүн стандартына ылайык, окуу предмет катары киргизүү жана өркүндөтүү , окуу курстарын уюштуруу маселелери талкууланды.
Өз кезегинде КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов учурда медреселерде светтик предметтер окутулуп жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин базасындагы теологиялык колледжинин алгачкы бүтүрүүчүлөрү даярдалып жаткандыгын баса белгиледи.
Соңунда жыйындын катышуучулары бир добуштан мамлекеттик саясаттын өсүүсүнө салым кошуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө биргеликте кызматташууга даяр экендигин билдиришти. width=1024width=1024width=1024 

Архив