Кыргыз Республикасынын диний (исламий) билим берүү системасын жандандыруу маселелери

Бишкек шаарында 2018-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) жана Булан Институту «Кыргыз Республикасынын диний (исламий) билим берүү системасын жандандыруу маселелери” аттуу конференция өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында 2015-2020-жылдарга карата Иш планынын алкагынын негизинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК ) дин багытындагы маалыматтуулукту жогорулатуу боюнча көптөгөн алгылыктуу иш-чараларды уюштуруп келүүдө.
Аталган иш чарада Кыргызстандагы диний окуу жайлардын окутуу программалары, методологиясы, диний билим берүүнүн актуалдуулугун жана сапатын жогорулатуу боюнча кызуу талкуу болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз КР ДИМКнын жетекчилиги жана кызматкерлери, КМДБнын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, “Булан Институтунун” мүдүрү жана кызматкерлери, эксперттер катышты. width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024 

Архив