Экстремизм – бул кылмыш

РАДИКАЛИЗМ – коомдогу тез өзгөртүүлөргө алып келүүчү жана мыйзамсыз деструктивдик, экстремисттик иш-аракеттердин аткаруусуна негиз салуучу чектен чыккан көз караштарды жана идеяларды жактоочулук.

ЭКСТРЕМИЗМ – мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө жана мыйзамдарды бузууга алып барган кыймыл же иш-аракет, ошондой эле жеке, коомдук жана улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан чакырыктар.

Экстремисттик, деструктивдик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу же алардын материалдарын таратуу, ошондой эле террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштарды жасоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылат.

Террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыш – бул террористтик жана экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө көндүрүү, анын ичинде чет өлкөнүн аймагында болуп жаткан куралдуу кагылышка же согушка катышуу ж.б.

Бул кылмыштар үчүн 3-жылдан тартып өмүр бою эркиндигинен ажыратууга чейин жазалар каралган жана ошонодой эле белгиленген кызмат орундарды ээлөө укугунан ажыратылат.

Архив