“Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү радикалдашуу маселелери” темасында лекция өткөрүлдү

2018-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК КР) жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекетти башкаруу академиясы “Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү радикалдашуу маселелери” боюнча Борбордук Азиядагы Исламды изилдөөчү, «Registan.net» сайтынын америкалык редактору Ноа Такердин катышуусунда иш-чара өткөрдү.
Бул иш-чара 2017-жылдын 28-29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен өткөрүлгөн “ Ислам азыркы светтик мамлекетте” Эл аралык конференциясынын жыйынтыгында кабыл алынган жыйынтыктоочу документти ишке ашыруу алкагында уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты светтик мамлекеттин алкагында мамлекет менен исламдын өз ара аракеттенүүдө академиялык аянтчаларды түзүп, диний билим берүү, саясат таануу, маданият жана тарых жаатында илимий билимди жогорулатуу болуп саналат.
Аталган семинарда КР ДИМКнын директору З.Эргешов, КРПМБАнын ректору А.Насыров, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, дин башкармалыктардын, академиялык жана эксперттик коомчулуктун, жогорку окуу жайдын студенттери жана магистранттары катышты. width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024width=1024 

Архив