Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидов менен жолугушту

2018-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору Зайырбек Эргешов Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидов менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дин иштери боюнча комитети менен биргеликте меморандумга кол коюлгандыгы боюнча жана ушул меморандумдун алкагында диний билим берүү багытындагы иш-чараларды өткөрүү жөнүндө маселелер талкууланды.
ДИМК директору З.Эргешов диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу кеңири токтолуп, “Ислам азыркы светтик мамлекетте” Эл аралык конференциясы жана “ Руханий Жибек- Жолу” диний конференциялары 2018-жылы Бишкекте өткөрүү пландаштырылып жаткандыгы боюнча маанилүү маселелерди баса белгилеп, иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.
Ал эми Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидов Өзбекстан өлкөсүнө диний багыттагы “Зиярат туризм” иш-чараларын уюштуруу боюнча биргеликте кызматташууну сунуштады.
Соңунда эки өлкөнүн достук мамилелерин мындан ары да бекемдөө максатында кызматташууга даяр экендигин билдиришти. width=1024width=1024width=1024 

Архив