Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Чубак Жалиловдун”Нооруз” майрамы боюнча билдирүүсүнө Аалымдар Кеңешине суроо-талап жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) мурдагы муфтий Ч.Жалиловдун Ноорузду майрамдабоо боюнча чакырыгына Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Аалымдар Кеңешине суроо-талап жөнөттү.Ч.Жалиловдун мындай пикири коомчулукта резонанс жаратып, анын кесепетинен коомчулукту бөлүп –жарууга алып келе турган билдирүүсүнө баа берүүгө талап коюлду. Ч.Жалиловдун коомдогу мындай чакырыгы этикалык жана моралдык баалуулуктарды бузууда, ар түрдүү диний агымдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнө карата ачык-айкын дискриминациялык мүнөздө экендиги көрүнүп турат.“Нооруз” майрамы Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексиндеги расмий майрамдардын тизмесине киргендигин комиссия белгилейт. Ноорузду майрамдабоо чакырыгы- Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген светтик принциптерге ачык тирешүүнү билдирет. Мындай ыкма ханафий мазхабынын принциптерине жана ислам салттарына, Кыргызстан элинин маданий баалуулуктарына туура келбейт. 

Архив