Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы «Теңирчилик” уюмунун эсептик катоодон өтүү боюнча соттун жазма көрсөтмөсүн аткарды

2018-жылдын 16-февралында “АКИпресс” маалыматтык агентствосуна Кыргыз Республикасынын жараны А.Усупбаевдын кайрылган арызына Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы төмөнкүлөрдү билдирет:2017-жылдын 10-февралында Бишкек шаарындагы райондор аралык сотунун аныктамасында Бишкек шаарындагы райондор аралык сотунун 2016-жылдын 14-мартында берилген чечиминде "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабына ылайык жүргүзүлүүсү керектиги көрсөтүлгөндүгү боюнча КР ДИМКга 2016-жылдын 14-марттагы соттун чечими боюнча түшүндүрүү берилген. “Кыргыз Республикасынын диний уюмдарды эсептик каттоо жана алардын биригүүсү” жөнүндө убактылуу жобонун 8п.ылайык эгерде алардын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбесе, социалдык туруктуулукка, мамлекеттин коопсуздугуна, этностор аралык жана конфессиялык ынтымакка, коомдук тартипке, калктын ден соолугуна жана адептүүлүгүнө коркунуч жаратса мындай диний багыттагы объекттерге катталууга макулдук берилбеши мүмкүн. Мында эксперттердин жана мамлекеттик органдардын корутундусу менен бул жагдайлар ырасталууга тийиш” экендигин сот белгилеген.2017-жылдын 22-февралында “Теңирчилик” уюмунан эсептик катоого келип түшкөн арызды "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесине ылайык КР ДИМКнын буйругу менен комплекстүү диний экспертиза дайындалып жана тийиштүү уюмдарга жөнөтүлгөн. Тийиштүү уюмдардан алынган маалыматтардын жана комплекстүү экспертизанын негизинде “Теңирчилик” уюмуна эсептик каттоодон өтүүгө баш тартылды.Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана светтик принциптин, бейтараптыктын негизинде ишке ашырылып келет. Ошондой эле КР ДИМКнын директору З.Эргешов эч кандай диний уюмдун мүчөсү болуп эсептелбей тургандыгын билдиребиз.КР ДИМКнын басма сөз кызматы 

Архив