Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолугушту

2018-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору Зайырбек Эргешов Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат жана Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсуддин Үнал менен жолугушту.Жолугушууда Кыргыз Республикасынын ДИМК директору Зайырбек Эргешов диний чөйрөдөгү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат боюнча кеңири токтолуп, конфессиялар аралык өз ара мамилелерди жакшыртууда иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.Өз кезегинде Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат эки өлкө ортосунда дин чөйрөсүндөгү ишмердүүлүк колго алынып, мамлекет тарабынан өнөктөштүк үчүн өбөлгөлөр түзүлүп жаткандыгына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле радикализмдин жана экстремиздин алдын алуу боюнча жаңы долбоорлорду биргеликте ишке ашырууну сунуштады. Соңунда эки өлкөнүн достук мамилелерин мындан ары да бекемдөө максатында кызматташууга даяр экендигин билдиришти.width=1024width=1024 

Архив