Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Иран Ислам Республикасынын элчиси Али Моджтаба Рузбехани менен жолугушту

2018-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору Зайырбек Эргешов Иран Ислам Республикасынын элчиси Али Моджтаба Рузбехани жана Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгүнүн директору Али Хакимпур менен жолугушту.Жолугушууда ДИМК директору диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу кеңири токтолуп, диний жана конфессиялар аралык өз ара мамилелерди жакшыртууда иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.Ал эми Иран Ислам Республикасынын элчиси Рузбехани мамлекеттин элге жасап жаткан эмгектерин эске алып, учурдагы конфессиялар ортосундагы цивилизациялык мамилеге негиз салынып, өнөктөштүк үчүн өбөлгөлөр түзүлүп жаткандыгына жана Кыргызстан дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө уникалдуу өлкөлөрдүн катарына кирээрин баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле эки тарап дин чөйрөсүндөгү азыркы кырдаалды эске алып, диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу боюнча бул тармакта биргеликте иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.Соңунда эки өлкө ортосундагы кызматташуусунун өнүгүүсүнө ийгиликтерди каалап, жыйынтыкташты.width=1024width=1024 

Архив