Радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу

Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча 2015-2020-жылдарга карата Иш-аракеттер планынын алкагынын негизинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) дин багыты боюнча маалыматтуулукту жогорулатуу, диний радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте профилактикалык иш-чараларды өткөрөт.Профилактикалык иш-чаранын биринчи этапы 2018-жылдын 25-январынан тартып, 9-февралга чейин өлкөбүздүн жалпы орто билим берүү мекемелеринин 9-11-класстарынын окуучулары үчүн пландаштырылууда.Жогоруда аталган иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдар боюнча, анын негизги түшүнүктөрү, ошондой эле экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу боюнча багытталган буклеттер таркатылат.width=1024width=960width=720width=1024width=1024width=1024 

Архив