«Ажылык-2018» иш-чарасын уюштуруу

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Зайырбек Эргешов, муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев баштаган Кыргызстандан барган расмий делегация Сауд Аравиянын Ажылык министрлигинин чакыруусу менен аталган өлкөнүн ажылык жана Умра министринин орун басары Абдульфаттах Мушат менен жолугушту.Жолугушууда эки тарап ажылык сапарга аттануучулардын коопсуздугу, ажылык сапарды уюштурууда көзөмөлдү жана мыкты тейлөөнү күчөтүү боюнча пикир алышып, мындан ары да мамлекеттер ортосундагы достукту бекемдөө максатында өз ара кызматташууну билдиришкен.Эскерте кетсек, 2018-жылдын 5-январында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасындагы уюштурулган ажылык иш-чаралар жана дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат боюнча аткарылган иштерди талкулоо максатында КР ДИМК жетекчилиги жана кызматкерлери, КРнын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, КРнын Ички иштер министрлиги, КРнын транспорт жана жол министрлиги, КРнын саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлгөн.width=1000width=800 

Архив