2018-жылга карата Сауд Араб Падышачылыгына зыярат (Хадж) иш-чаралары боюнча даярдык

2018-жылдын 5-январында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) конференц-залында Кыргыз Республикасындагы уюштурулган ажылык иш-чаралар жана дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат боюнча аткарылган иштерди талкулоо максатында жыйын өткөрүлдү.Аталган жыйынга КР ДИМК жетекчилиги жана кызматкерлери, КРнын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, КРнын Ички иштер министрлиги, КРнын транспорт жана жол министрлиги, КРнын саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Жыйында: 2017-жылы уюштурулган ажылык иш-чараларды жыйынтыктоо, 2018-жылы боло турган иш-чараларга даярдык көрүү маселелери коюлду.КР ДИМК директору Зайырбек Эргешов ажылык сапарга аттануучулардын коопсуздугун, ажылык сапарга бөлүнгөн квоталар, коррупциянын алдын алуу боюнча ачык-айкын маалыматтарды, ажылык сапарды уюштурууда көзөмөлдү күчөтүү боюнча мамлеккеттик органдар менен тыгыз байланышта иш алып баруу керек экендигин баса белгиледи.width=1024width=1024 

Архив