Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү Стратегиясы 2018-2040» долбоорун талкуулоо. «ТАЗА КООМ. ЖАҢЫ ДООР»

2017-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында (ДИМК КР) «Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү Стратегиясы 2018-2040» «ТАЗА КООМ. ЖАҢЫ ДООР» долбоорундагы дин чөйрөсүн жөнгө салуунун жана дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын негизги багыттары боюнча талкуулоо болуп өттү. Бул талкууга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчилиги жана кызматкерлери, диний уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Диний кырдаалды изилдөө борборунун адистери катышты. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн ой-пикирлерин сунуштап, «Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү Стратегиясы 2018-2040» «ТАЗА КООМ. ЖАҢЫ ДООР» долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунушташты.width=1024width=1024width=1024 

Архив