КР ДИМК директору З.Эргешов Епископ Даниил менен жолугушуусу

2017-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек Жолчуевич Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын Епископу Даниил менен жолугушту. Жолугушууда Епископ Даниил мамлекеттин элге жасап жаткан эмгектерин эске алып, мамлекет тарабынан учурдагы конфессиялар ортосундагы цивилизациялык мамилеге негиз салынып, социалдык өнөктөштүк үчүн өбөлгөлөр түзүлүп жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу боюнча диний чөйрөдөгү көйгөйлөр жана кайрымдуулук иш чаралар тууралуу маселелер талкууланды.Соңунда мамлекет менен диний конфессиялардын өз ара кызматташуусун бекемдеп, өлкөнүн туруктуулугун камсыз кылуу зарыл экендигин белгилөө менен бири-бирине ийгиликтерди каалап жыйынтыкташты. 

Архив