Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов Кытай Эл Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жанг Янтонг мырза менен жолугушту

2017-жылдын 9-сентябрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов Кытай Эл Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жанг Янтонг баштаган делегацияны кабыл алды. Делегациянын курамында аталган мекеменин тышкы кызматташтык департаментинин башчысы Циао Хонг айым, Жанг Йин айым жана Джи Янг мырза болду. Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты, ведомстволор аралык кызматташуу, кытай жана кыргыз тараптары өткөргөн иш чараларга катышуу маселелери талкууланды.Жолугушуунун соңунда ДИМКнын директору З. Эргешов жана Жанг Янтонг мырза бири-бирине ийгиликтерди каалашты.width=1140width=1140 

Архив