Кыргыз Республикасында диний уюмдарды жана чет өлкөлөрдүн диний уюмдарынын миссияларын түзүү тартиби.
Кыргыз Республикасында диний уюмдарды жана чет өлкөлөрдүн диний уюмдарынын миссияларын түзүү тартиби.Биринчи кадам: Диний уюмдар жана чет өлкөлөрдүн диний уюмдарынын миссиялары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан катоо.Диний уюм деген эмне ? (Кыргыз Республикасында диний уюмдар деп биргелешип дин тутуу, кудайга табынуу, каадаларды жана аземдерди өткөрүү, диндик агартуу жана өзүлөрүнүн ишин улантуучуларды тарбиялоо максатында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыктыярдуу бирикмелери (диний коомдор, борборлор, диний окуу жайлар, мечиттер, чиркөөлөр, синагогдор, табынуу үйлөрү, монастырлар ж.б.) таанылат .) Диний уюм жашы жеткен жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын эки жүздөн кем болбогон жаранынын демилгеси боюнча түзүлөт. Тиешелүү конфессиялардын диний уюмдарынын ишин координациялоо жана багыттоо үчүн алардын борбордук бирдиктүү башкаруу органдары - диний башкармасы, союздары, конференциялары ж.б. (мындан ары - борбордук башкаруу органдары) түзүлсө болот. Борбордук башкаруу органы Кыргыз Республикасынын кеминде тогуз регионунда (областтар, Бишкек, Ош шаарлары) иш жүргүзгөн тиешелүү конфессиялардын диний уюмдары тарабынан эсепке алуу каттоосунан өткөн уюмдаштыруу чогулушу (курултайы, конференциясы ж.б.) тарабынан түзүлөт. Жетектөөчү борборлору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда жайгашкан диний уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген учурларда гана өз ишинде жогору турган борборлордун уставын жетекчиликке ала алышат. . Бирдиктүү дин туткан ондон кем эмес диний жамаат болсо, мында жок дегенде булардын бирөө Кыргыз Республикасынын аймагында кеминде он беш жылдан кем эмес өзүнүн иш-аракетин жүргүзсө диний бирикме түзүлөт. . Чет өлкөлүк диний уюмунун миссиясы деп, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда жетектөөчү борборлору же жетектилигинин курамында чет өлкө жарандары бар уюм аталат. Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте эсепке алуу каттоосунан өтпөгөн миссиялардын иштешине жол берилбейт. Миссиялар өздүк түзүмүнө ылайык, өзүнүн уставына (жобосуна) жараша өз кызматчыларын тандап алат, дайындайт жана алмаштырат . Диний уюм же миссия уставына (жобосуна) ылайык иштейт жана Кыргыз Республикасынын күчүндө турган мыйзамдарынын талаптарына жооп бериши керек. Борбордук башкаруу органдары бар диний уюмдардын, миссиялардын уставдары (жоболору) жогору турган башкаруу органдары менен макулдашылууга тийиш. Диний уюмдардын, миссиялардын уставында (жобосунда) төмөндөгүлөр камтылышы керек: - диний уюмдун, миссиянын аталышы, жайгашкан жери, түрү жана өзүнүн ишин жүзөгө ашырып жаткан аймак; - кайсы динди тутканы, предмети жана максаттары, ишинин милдеттери жана негизги формалары; - диний уюмду жана миссияны түзгөн Уюштуруу кеңешинин жана анын мүчөлөрүнүн уставдык укуктары жана жоопкерчиликтери; - уюмдун жана анын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери; - ачуунун жана ишти токтотуунун тартиби; - уюштуруу түзүмү, анын башкаруу органдары, аларды түзүүнүн тартиби, анын башкаруу органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү; - диний уюмдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнүн тартиби; - уюмдун финансы каражаттарын жана башка мүлкүн топтоочу булактар; - иши токтотулган учурда мүлккө ээлик кылуунун тартиби. Диний уюмдун, миссиянын уставында (жобосунда) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана күчүндө турган мыйзамдарына карама-каршы келген нормалар камтылышы мүмкүн эмес. Диний уюмдарды эсептик каттоого алуу Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген диний уюмдарды жана диний багыттагы объекттерди эсептик каттоого алуу дин иштери боюнча мамлекеттик органдар тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Диний уюм дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү эсептик каттоого алуу (кайра каттоого алуу) жөнүндө күбөлүк берилген учурдан тартып дин ишин жүзөгө ашырууга укук алат. Экинчи кадам:Диний уюмду эсепке алуу үчүн түзүүчүлөр төмөндөгүдөй түзүү документтерин (мамлекеттик жана расмий тилде) тапшырышат: - эсептик каттоого алуу жөнүндө арызды; - диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкерчиликтүү жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмесин. - төрт нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлгөн диний уюмдун уставын; - чогулуштун төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлган уюштуруу чогулушунун (конференциялардын, курултайлардын ж.б.) протоколу;- динге ишенүүнүн негиздери тууралу жана ага шайкеш келүүчү тажрыйба, анын ичинде диндин келип чыгыш тарыхы тууралу, анын ишинин формалары жана методдору жөнүндө, үй-бүлөгө жана никеге, билим берүүгө мамилеси жөнүндө, ушул динди жактоочулардын ден соолугуна жасалуучу мамиленин өзгөчөлүктөрү, жарандык укуктар жана милдеттерге байланыштуу уюмдун мүчөлөрү жана кызматчылары үчүн чектөөлөр тууралу маалыматтар; - түзүлүп жаткан диний уюмдун толук аталышы жөнүндө маалымат; - тиешелүү аймакта түзүлүп жаткан диний уюмдун жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) ырастоочу документ (өзүнүн имарат-жайын сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, имарат-жайды акысыз берүү келишими, расмий кат ж.б.).. Диний уюмдарды, ошондой эле миссияларды эсепке алуу каттоосу арыз берилген күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбестен зарыл документтерин тиркөө жана алардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында шайкеш келишин текшерүү менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган кошумча маалыматтарды суратып алууга жана тиешелүү органдардын корутундусун алууга, ошондой эле арыз ээсинин уюмдаштыруу документтерин дин таануучу экспертизага жиберүүгө укуктуу. Мындай учурда арызды кароо дагы бир айга узартылат. Диний уюмдун уставына толуктоолор жана өзгөртүүлөр диний уюмду эсепке алуу каттоосунун тартибинде жана мөөнөтүндө кайра эсепке алуу каттоосунан өткөрүлүүгө тийиш. Диний уюмдардын дин иштери боюнча мамлекеттик органда эсепке алуу каттоосунан баш тартышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат. . Эсептик каттоого алуунун жыйынтыктары боюнча арыз ээсине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет жана диний уюм эсептик каттоого алуу жөнүндө күбөлүк берилген учурдан тартып дин ишин жүзөгө ашырууга укук алат. . Диний уюмдарды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте юстиция органдары тарабынан ишке ашырылат. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларын (өкүлчүлүктөрүн) эсептик каттоого алуу . Миссия эсептик каттоого алуудан өтүш үчүн чет өлкөлүк диний уюм тарабынан ыйгарым укук берилген адам дин иштери боюнча мамлекеттик органдарга арыз берет. Арызга миссияны каттоо жөнүндө төрт нускадагы (мамлекеттик жана расмий тилдердеги) төмөндөгүдөй уюштуруу документтери тиркелет: 1) Миссиянын жобосунда төмөндөгүдөй маалыматтар камтылышы керек: - миссиянын негизги максаттары жана милдеттери; - жайгашкан жери жана анын ишинин болжонгон аймактык чек аралары; - башкаруунун түзүмү жана жетекчиликтин ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү: - каржылоо булактары жана мүлктүк мамилелери; - миссияны жабуу тартиби;2) миссиянын кызматчылары жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, жарандыгы, туруктуу жашаган жеринин дареги жана Кыргыз Республикасындагы жашаган дареги, билими, мурда иштеген жери); 3) мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык түрдө ырасталган котормосу менен чет өлкө борборунун уставынын көчүрмөсү; 4) диний борбор өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн, мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу нотариалдык түрдө ырасталган реестрдин көчүрмөсүн же башка документти; 5) чет өлкөлүк диний уюмдун миссиясы жайгашкан жерди ырастаган документ; 6) миссиянын өкүлүнө (ишенимдүү адамына) нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүп берилген ишеним кат. Арызга ошондой эле диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкерчиликтүү жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси тиркелет. 2. Чет өлкөлүк диний борбор тарабынан дайындалуучу Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген диний уюмдардын миссияларынын жетекчилери Кыргыз Республикасында болуунун мөөнөтүн көрсөтүү менен, мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн жогору турган уюмдун жолдомосун бериши керек. 3. Миссиянын жобосунун ченемдери чет өлкөлүк диний уюмдун уставына шайкеш келиши, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеши жана жогору турган чет өлкөлүк диний уюмдун жетекчисинин колу, мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек. Жободо миссияны кайра уюштуруу же жоюу учурунда миссиянын архитектуралык, маданий жана тарыхый баалуулук болуп саналган менчиги Кыргыз Республикасынын аймагында калууга тийиштиги көрсөтүлүшү керек. 4. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган бир айдын ичинде эсептик каттоого алуу жөнүндө арызын, миссиянын уюштуруу документтерин карайт, андан кийин тиешелүү чечим кабыл алат. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган тапшырылган документтерде камтылган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүүгө жана тиешелүү мамлекеттик органдар же өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу кошумча маалыматтарды суратып алууга, ошондой эле арыз ээсинин уюштуруу документтерин диний иликтөө экспертизасына жиберүүгө укугу бар. Мындай учурда арызды кароо дагы бир айлык мөөнөткө узартылат. 5. Эгерде эсептик каттоого алуу жөнүндө арыз жана тиркелген документтер ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен берилсе, анда дин иштери боюнча мамлекеттик орган аларды карабастан туруп арыз ээсине кайтарат, бул жагдай ушул эле маселе боюнча бардык зарыл талаптарды сактоо менен маселеге кайра кайрылууга тоскоолдук кылбайт. 6. Оң багыттагы чечим кабыл алынса, белгиленген үлгүдөгү эсептик каттоого алуу жөнүндө күбөлүк берилет. Миссия эсептик каттоого алуу жөнүндө күбөлүк берилген датадан тартып диний ишти жүзөгө ашырууга укук алат. 7. Эсептик каттоого алуу жөнүндө күбөлүк бир жылдан ашпаган мөөнөткө берилет. Мөөнөт өткөндөн кийин миссия ушул беренеде белгиленген тартипте дин иштери боюнча мамлекеттик органда кайра эсептик каттоодон өтөт. Миссия дин иштери боюнча мамлекеттик органга ар жыл сайын ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө кабар берип турууга милдеттүү. 8. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган, эгерде миссиянын ишинин натыйжасында мамлекеттик жана коомдук коопсуздукка, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакка, калктын саламатчылыгына жана адеп-ахлагына коркунуч туулса, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери бир нече ирет бузулган учурда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу диний таануу эксперттик тобунун корутундусунун негизинде миссиянын ишин токтото туруу жөнүндө чечим чыгарууга укугу бар. 9. Миссиянын ыйгарым укуктуу адамдары өздөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат. 10. Миссияны эсептик каттоого алуудан (кайра каттоодон) төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - эгерде Кыргыз Республикасында миссияны ачуу жөнүндө өтүнүч жасаган жогору турган чет өлкөлүк диний уюмдун максаттары жана иши Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келсе; - эгерде тапшырылган документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе, же ишенимсиз маалыматтарды камтыса; - эгерде анын иши мамлекеттик жана коомдук коопсуздукка, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакка, калктын саламатчылыгына жана адеп-ахлагына коркунуч туудурса, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. Эсептик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда арыз ээсине баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө маалымат берилет. 11. Дин иштери боюнча мамлекеттик органдын эсептик каттоого алуусунан, миссиянын ишин токтото туруудан баш тартуу жөнүндө чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. 12. Миссия юридикалык жак деп эсептелбейт. . Дин ишин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келип жаткан чет өлкөлүк жарандарды (миссионерлерди) эсептик каттоого алуу Дин ишин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жаран (мындан ары - миссионер) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан эсептик каттоого алуудан өтөт. 2. Кыргыз Республикасынын аймагында миссионердик иш-аракетти чакыруусу жана тиешелүү жолдомосу бар, катталган диний уюмдун атынан келген миссионер жүргүзүүгө укуктуу болот. Миссионер Кыргыз Республикасынын аймагында үч жылдан ашпаган мөөнөткө болууга укуктуу. 3. Миссионер дин иштери боюнча мамлекеттик органга эсептик каттоого алуудан өтүш үчүн арыз берет. Арызга төмөндөгүлөр тиркелет:1) анкета; 2) кирүү-чыгуу визалары жол-жоболоштурулган паспорттун көчүрмөсү; 3) миссионердин Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтү көрсөтүлгөн, мамлекеттик же расмий тилге котормосу нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн жогору турган уюмдун жолдомосу; 4) Кыргызстанга миссионерди чакырышкан, диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында миссионердин иш- аракети үчүн мыйзам алдында жоопкер жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси. 4. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган бир айдын ичинде чет өлкөлүк жаранды (миссионерди) эсептик каттоого алуу жөнүндө арызды карап, тиешелүү чечим чыгарат. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган тапшырылган документтерде камтылган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүүгө, тиешелүү мамлекеттик органдар же өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу кошумча маалыматтарды суратып алууга, ошондой эле арыз ээсинин уюштуруу документтерин дин таануу экспертизасына жиберүүгө укугу бар. Бул учурда арызды кароо дагы бир айлык мөөнөткө узарылат. 5. Каттоонун жыйынтыктары боюнча миссионерге бир жылдан ашпаган мөөнөткө белгиленген үлгүдөгү эсепке алуу каттоосу жөнүндөгү күбөлүк берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин миссионер ушул Мыйзамда белгиленген тартипте дин иштери боюнча мамлекеттик органда кайра эсептик каттоого алуудан өтөт. 6. Эгерде анын иш-аракети коомдук коопсуздукка жана тартипке, этнос аралык жана конфессия аралык ынтымакка, калктын саламатчылыгына жана адеп-ахлагына коркунуч туудурса, миссионерди эсепке алуу каттоосунан баш тартылышы мүмкүн. Эсепке алуу каттоосунан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда бул тууралу арыз ээсине баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабар берилет. Бул чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. 7. Миссионерлерге күбөлүктөр берилип жаткан учурда Кыргыз Республикасында болуунун тартиби, анын ичинде каттоонун тартиби түшүндүрүлөт, ошондой эле аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык визаларды узартуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасында болуунун тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет. 8. Миссионерлерге визаларды ачуу дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат. 9. Тиешелүү мамлекеттик органдын уруксатысыз миссионердин эмгек же жеке ишкердик менен алектенишине жол берилбейт.Кыргыз Республикасындагы “Дин тутуу эркиндиги жана диндик уюмдар жөнүндөгү” мыйзамынан алынды .
Архив