Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов Индиянын тышкы иштер министри М.Дж.Акбар жана Индиянын Кыргызстандагы элчиси Лакшманан Сависри менен жолугушту.

2017- жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов  Индиянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри М.Дж. Акбар жана Индиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Лакшманан Сависри менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар дин чөйрөсүндөгү азыркы кырдаалдарды жана бул тармакта эки өлкө арасындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.Жолугушуу аягында ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов господин М.ДЖ. Акбарга Кыргызстанга болгон визити үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара кызматташууда ийгиликтерди каалады.width=1024width=1024 

Архив