Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов Франциянын Тышкы иштер жана эр аралык өнүгүү министрлигине караштуу дин маселелери боюнча миссиянын башчысы Мария Дюмулен менен жолугушту

2017 -жылдын 12-апрелинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов  Франциянын Тышкы иштер жана эр аралык өнүгүү министрлигине караштуу дин маселери боюнча миссиянын башчысы Мария Дюмулен менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азиядагы, Жакынкы Чыгыштагы азыркы диндик кырдаал жана радикалдык, экстремисттик идеологиянын таралышына жол бербөө маселелери талкууланды. Ошондой эле тараптар бул багытта биргеликте илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн да карашты.Жолугушуу аягында ДИМКнын директору З.Эргешов жана Дюнулен айым бири бирине ыраазы болушуп, ийгиликтерди каалашты. 

Архив