КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН VI-КУРУЛТАЙЫ

2017 -жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарындагы Т.Абдымомунов атындагы Улуттук драма театрында   кыргызстан мусулмандарынын VI –курултайы болуп  өттү. Курултайды Аалымдар Кенешинин төр агасы А.Нарматов ачып, Муфтийдин  жана Аалымдар кенешинин акыркы 3 жылдагы аткарган иштеринин отчету угулду. Ошондой эле курултай алкагында  Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 21 жаңы мүчөсү, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи жана Борбордук Текшерүү Комиссиясынын  төрагасы  бекитилди. Муфтийлик орунга алгач 3 адам ат салышкан болсо, акырында алардын экөөсү шайлоого катышуудан баш тартып, мурунку муфтий Максатбек ажы Токтомушев кайра жаңы мөөнөткө шайланды.Курултайга дин чөйрөсүнөн сырткары да өкүлдөр да катышты. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов чыгып сүйлөп,ал негизинен биздин өлкөдөгү диндик саясаттын жүрүшүнөн маалымат берди жана ислам дини эзелтен бери кыргыз элинин каада салты менен жуурулушуп,элибиздеги ынтымакты, туруктуулукту чындоого чоң салым кошуп келген деп айтып өттү.width=1000width=1024 

Архив