Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовдун Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтни менен жолугушуусу жөнүндө

2017- жылдын 15- мартында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси  Шейла Гуолтни менен жолугушту.Жолугушуунун башында  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын башчысы дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын ишке ашышы жөнүндө жана республикада светтик мүнөздүн бекем сакталышы жөнүндө Гуолтни айымга айтып берди. Ал эми урматтуу элчи Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүдөгү аткарган иштерине, айрыкча, дин тутуу эркиндигинин камсыздалышына оң баа берди. Ошондой эле тараптар билим берүү тармагында, экстремисттик үстөмдүктөрдүн  алдын алуу боюнча өз ара кызматташтык суроолорун талкуулашты жана бул багытта мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдиришти.Жолугушуунун аягында эки тарап тең ыраазычылыгын билдирип, бири бирине  ийгиликтерди каалашты. 

Архив