Кыргыз Республикасынын 2013-2017 жылдардагы Туруктуу Өнүгүүнун Улуттук Стратегиясы: дин чөйрөсундөгу КРдин мамлекеттик саясатынын ишке ашышы” аттуу темадагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өткөргөн төгөрөк стол-брифинги жөнүндө

2017- жылдын 10- мартында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын пресс борборунда Кыргыз Республикасынын “2013-2017- жылдардагы  туруктуу өнүгүүнун ултуттук Стратегиясынын” алкагында дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат боюнча аткарылган   иштерди талкуулоо максатында тегерек стол-брифинг болуп өттү.Диш иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов төгөрөк столду ачып жатып, өз сөзүндө ушуга чейин комиссия тарабынан аткарылган маанилүү иш чараларга токтолду. Айрыкча, динтаануу жана дин багытында билим берүү маселелерине көңул буруп, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, дин ишканалары жана укук коргоо органдарынын өз ара кызматташтыгынын зарылчылыгына басым жасады.Андан ары, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун биринчи орун басары Закир Чотаев: “...өлкөдөгү дин эриндиги, мамлекеттин динге аралашпашы акырындык менен радикалдык идеологиянын пайда болушуна, салтык эмес диндик агымдардын жайылышына алып келүүдө. Алар түздөн түз коомогу коопчулукту жаратат жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө да коркунуч келтирет.” деп кескин айтты.Кыргызстан дин башкармачылыгынын муфтийинин орун басары А.Эргешов өз докладында КМДБдагы реформанын зарыл экенине токтолуп, ошол эле мезгилде мамлекеттин жаңы конфессиялык мамилелеринде да реформанын болушу жарандардын мыйзамдык дин эркиндигин шартташын айтты.ДИМКнын Аналитика бөлүмүнүн башчысы Гульназ Исаева Кыргызстандагы динтаануу жана диндик билим берүү жаатында  Концепциянын проектисин бөлүп карады. Катышуучуларга ДИМКнын кызматкерлерине арналган И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Теология колледжинин астында ачылган ДИМК үчүн кызматкерлерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча Институтунун пилоттук проектиси жөнүндө кеңири маалымат берди.Көз карандысыз эксперттер К.Маликов, Н. Исмаиловдор    теманы улап, дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттагы  жана диндик билим берүү  багытындагы реформада алдын алуу иштеринин маанилүүлүгүн айтып өтүштү.Төгөрөк столдун катышуучулары өз докладдарын баяндаган соң дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын талкууга өтүштү жана журналисттердин суроолоруна жооп беришти.ДИМКнын директору З.Эргешов жоолугушууну  жыйынтыктап жатып, журналисттердин активдүү катышуусуна терең ыраазы  болду.  Алар да  бул башталыштарды жактырышып, кызматашууга дайыма  даяр экенин билдиришти.width=1383width=1024 

Архив